Премьер-министр Феликс Кулов Өкмөттүн отставкасын талап кылып жаткандарга бүгүн ушундай жооп кайтарды. Анын пикиринде, бир-эки тармак жетекчилерин эске албаганда, өкмөт мүчөлөрү иштерин жетишерлик деңгээлде жүргүзүүдө. Ал эми экономиканын өнүгүшүнө өлкөдөгү туруксуз кырдаал олуттуу таасир этип жатат.