Президенттин саясий эркинин жоктугу Кыргызстанда коомдук телеканалдын түзүлүшүнө бөгөт болууда. Бүгүн атуулдук коом өкүлдөрү ушундай билдирүү жасашты. Президенттин мамлекеттик телерадиого Байкоочу кеңеш түзүү тууралуу жарлыгы бийликтин МТРКны реформалоо ниетинин жоктугун далилдеди, деп айтылат бул билдирүүдө. Интерьньюс уюмунун директору Элвира Сариеванын айтымында, Аскар Акаевдин тушунда деле 15 кишиден турган байкоочу кеңеш түзүлүп, андан эчтеке өзгөргөн эмес. Мамлекетик катчы Адахан Мадумаров кечээ МТРК мамлекеттик саясатка кызмат кылган телеканал бойдон калат деп билдирген.
15:00 Президенттин жарлыгы анын мамлекеттик телеканалды реформалоо ниети жоктугун ырастады