Өткөн жума күнү өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы тарап добуш берүү акыйкат болбогонун, бир катар мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтышууда. Алар бул маселе боюнча президентке, билим берүү министрине кайрылаарын, андан майнап чыкпаса сотко даттанаарын кечээки маалымат жыйынында билдиришти. Ошол эле учурда бул шайлоону уюштуруу боюнча комитеттин жетекчилиги шайлоо калыс жана акыйкат өткөнүн билдирүүдө.