Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:26

ИРАК МЕНЕН СИРИЯ ОРТОСУНДАГЫ МАМИЛЕ ОҢОЛУУДА


Акыркы күндөрдө Иракта кызмат сапары менен кошуна Сириянын тышкы иштер министри болду. Багдад менен Дамаск ортосунда өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында мындан 24 жыл мурда үзүлгөн мамилелер кайрадан калыбына келтирилди.

Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Муаллим 21-ноябрда Багдад шаарынан билдиргенге караганда, анын Ирак тышкы иштер министри Хошиар Зебари менен болгон сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү аяктады жана эки мамлекет ортосундагы мамилелер кайрадан калыбына келтирилди.

Ирак менен Сирия ортосундагы байланыштар мындан 24 жыл мурда үзүлгөн, 1980-жылы Багдад кошуна Иранга каршы согуш баштаганда, Дамаск Тегеран тарапты колдоп чыккан. Аны менен катар Сирия - өлкөдү исламчыл лашкерлерге Ирак колдоо көрсөтүп жатат деп Багдадды күнөөлөгөн.

Эми Сирия Ирактын жаңы өкмөтүн таанып, аны менен кайрадан мамиле түздү, бирок Багдадда сүйлөгөндө Сирия министри - америкалык аскерлер Ирактан чыгарылып кетиш керек деп да билдирди: "Биздин ишенимибизде, Ирактагы абалды калыбына келтирип, коопсуздукту камсыз кылууга - өлкөдөгү чет өлкөлүк аскерлердин Ирактан чыгарылып кетишинин мөөнөтү аныкталганы көмөктөшмөк", - деди министр.

Анын мындай билдирүүсүнө АКШ тараптан азырынча расми жооп боло элек, бирок Ирактагы абал боюнча АКШ Конгресси түзгөн атайын комиссия - өлкөдөгү абалды калыбына келтирүү үчүн сүйлөшүү жараянына кошуна мамлекеттер Сирия менен Иранды кошуш керек деген жыйынтык чыгарып жатканы тууралуу маалыматтар бар.

Сирия жана Иран экөө менен тең Вашингтондун мамилеси начар. Буга чейин АКШ жетекчилиги Дамаскты да, Тегеранды дагы - Ирактын ички иштерине кийлигишип, өкмөткө каршы аракеттенген күчтөрдү козутуп жатат деп күнөөлөп келген.

Бирок АКШда 7-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо президент Жорж Буштун партиясы утулуп, Конгресстин эки палатасындагы тең көпчүлүктү колдон чыгарып жибергенден кийин президент - Ирак саясатына өзгөртүүлөр киргизилет деп билдирген. Анын айтымында, андай өзгөрүүлөр - Ирак боюнча Конгресс түзгөн комиссиянын жыйынтыктарына жараша болот.

Иракка каршы Вашингтон баштаган согушту колдогон Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блэр дагы жакында - Ирактагы абалды калыбына келтирүү үчүн Сирия жана Иранды сүйлөшүүгө тартыш керек деп билдирди. Сирия жетекчилигинин айтымында болсо, алар кызматташууга даяр, бирок андан өздөрүнө пайда табууга да кызыкдар.

Мисал үчүн, 1967-жылдагы согуштун натыйжасында Сирияга таандык Голан дөңсөөлөрүн Израил басып алган жана Дамаск ал аймактарды кайтарып алууну көздөйт. Ошондуктан, айрым эксперттердин пикиринде, эгер Батыш мамлекеттери Иран жана Сирия менен кызматташууга барса, Израилдин кызыкчылыктары зыян тартышы мүмкүн. Тони Блэрдин айтымында, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу үчүн эң биринчи кезекте Израил менен Палестина ортосундагы мамилени жөнгө салуу керек.



Нарын АЙЫП, Прага

XS
SM
MD
LG