Бүгүн президент Курманбек Бакиев Катардын Доха шаарында өтүүчү 15-Азия оюндарына жолдомо алышкан спорт чеберлерин узатуу салтанатына келди. Ал жеңишке жетишкендерге ири өлчөмдөгү акчалай сыйлык жана бир бөлмөлүү батир берүүнү убада кылды. Декабрда башталуучу он беш күндүк Азия олимпиадасына спорттун 21 түрү боюнча Кыргызстандан 156 спортчу барат. (AJ)