Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

КЫРГЫЗСТАНДЫК СПОРТЧУЛАР АЗИЯ ОЮНДАРЫНА БАРАТ


Бүгүн президент Курманбек Бакиев Катар өлкөсүнүн Доха шаарында өтө турган 15-Азия оюндарына 26-ноябрда аттанып жаткан кыргызстандык спортчулар менен жолугушту. Жолугушууда мамлекет башчы жеңүүчүлөргө акчалай ири өлчөмдөгү сыйлыктарды жана бир бөлмөлүү үй берүүнү убада кылды.

Азия олимпиадасына 88 спортчу өкмөттүн каражатынын эсебинен, калганы демөөрчүлөрдүн жардамы менен баратышат. Спорт жетекчилери, адистери 15ке жакын медаль утууну божомолдоп, анын үчөө алтын байге болсо деп үмүт байлашууда. Кыргызстандын туусун Азия оюндарынын ачылыш салтанатында оор атлетчи Азиянын эки жолку чемпиону Улан Молдодосов көтөрүп чыкмак болду.

Өлкөнүн улуттук олипиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун айтымында, кыргыз спортчулары үчүн Доха шаарындагы олимпиадалык айылда жатакана, спорт жайлары даяр. Быйыл биринчи ирет футболдон команда катышууда. Алар биринчи беттешүүдө Макао өлкөсүн 7:0 эсебинде утуп, экинчи таймашууда иорданиялыктар менен тең чыгышты. Эми чечүүчү оюнда Тажикстанды утса 16 негизги таймашууларга жолу ачылат.

Тилекке каршы, каражат маселеси кендирди кескендиктен Улуттук олимпиада комитети да, өлкөнүн спорт жана дене тарбия агентиги да футболчуларга жол кире маселесин чечип бере алган эмес. Кыргызстандын футбол командасына бул жолу да “Дордой” ассоциациясы демөөрчү болуп 21 футболчу жана машыктыруучу, дарыгер, команданын жетекчисине каражат жагынан жардам беришкенин Жогорку кеңештин депутаты Аскар Салымбеков айтып берди.

Анткен менен сөз арасында президент К. Бакиев спортчуларды 15-Азия оюндарына узатуу салтанатында сүйлөгөн сөзүнүн арасында оппозиция лидерлеринин жана ишкерлердин дарегине сын кыстара кетти. Ал «миңдеген каражаттарын митинг уюштурууга жумшагандан көрө өлкөнүн намысын коргой турган спортчуларды колдоого жумшаса болмок” деди.

Президент 15-Азия оюндарында алтын медалды жеңген спортчуларга 15 миң АКШ доллар, күмүш байгеге 10 миң жана үчүнчү орун үчүн 5 миң доллар сыйлык жана Бишкектен бир бөлмөлүү үй өкмөттүн эсебинен берүүнү убада кылды.

Кыргызстандын грек-рим күрөшүнөн улук машыктыруучусу Эмил Алыкуловдун айтымында Азия оюндарына баруучу 7 балбандын даярдыгы дурус. Алардын катарында Канат Бегалиев, Ринат Усупжанов, Данияр Көбөнов жана Жанарбек Кенжеев байгелүү орундарга жетүүсү ыктымал.

Азия оюндары 4 жылда бир өткөрүлүп, кырк беш өлкөнүн спортчулары 40ка жакын спорт түрлөрү менен атаандашып жүрөт. Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону 1994-жылы Хиросима шаарында өткөн 12-Азия оюндарынан бери үзбөй катышып келатат.

Кабыл Макеш, Бишкек
XS
SM
MD
LG