Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:14

«КАЛПЕТОВДУН КАМАЛЫШЫН БИЗ САЯСИЙ КУУГУНТУК КАТАРЫ КАРАЙБЫЗ»


Илим Жанузаков Кечээ Бишкек шаардык соту «Атамекен» партиясынын мүчөсү Бакыт Калпетовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндөгү Биринчи май райондук сотунун мурда күнкү чыгарган чечимин жокко чыгарды. Ошентип Улуттук коопсуздук кызматы Бакыт Калпетовду кайрадан камакка алды. “Атамекен” социалисттик партиясы бүгүнкү бийлик мындай кадамы менен тоталитардык режим курууга ыктап, адам укуктарын жана эркиндигин жок кылууга далалат кылууда деген билдирүү таратты.

23-ноябрдан бери Улуттук коопсуздук кызматынын абагында отурган “Атамекен” партиясынын мүчөсү Бакыт Калпетов Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаев менен Болот Шерниязовдун кепилдиги астында камактан бошотулган эле.

Ага “Реформа үчүн” кыймылынын ноябрдын башындагы митинги учурунда МТРКнын директорунун орун басары Бейшенбек Бекешовго кол көтөргөн деген айып тагылууда. Бирок, айыпталуучу Бакыт Калпетов, өзүн күнөөсүз деп эсептейт. Шаардук соттун чечимине каршы чыккан адвокат Райымкул уулу Касымбек эми бул чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылаарын билдирди:

- Бишкек шаардык соту биздин көрсөткөн жагдайларды караган жок. Анткени, Бакыт Калпетовдун үйүндө чиедей болгон жаш балдары бар, дайыма туруктуу жашоосу бар. Анын үстүнө Жогорку Кеңештин эки депутатынын кепилдиги бар болчу. Буга карабастан эле кайра баш коргоо чарасын колдоп койду. Бул дагы сот тарабынан мындай бир басым болуп калды. Анткени, сотко дагы телефон чалуулар же көрсөтмөлөр келип түшкөн болуш керек деп ойлойм. Эми биздин кийинки кадамыбыз болсо, биринчи күнү Жогорку сотко кайрылабыз. Жогорку соттон да акыйкат чечимдерди күтөбүз,-дейт Райымкул уулу Касымбек.

Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө башкармалыгынын жетекчиси Медетбек Талиев азырынча Калпетовдун айланасындагы маселе боюнча эч кандай маалымат бербей турганын билдирүүдө.

Ал эми тартип сактоо органдарына арыз менен кайрылган жабырлануучу Бейшенбек Бекешов айыпталуучу менен көзмө-көз жолуккан учурда, ага кол көтөргөн адам Калпетов экендигин айта алган эмес.

“Атамекен” партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев партиянын мүчөсү Калпетовдун УКК тарабынан суралып жатканын куугунтук катары баалады. “Азаттыкка” берген маалыматында депутат Өмүрбек Текебаев айыпталуучуга берилген суроолордун дээрлик 90 пайызы төңкөрүш жасоо аракетин көздөдүңөр беле деген сыяктуу суроолордон туруп, Бекешовго кол тийгизгендиги тууралуу суроолор экинчи планда калып калганын белгиледи:

- Мындай иштер адатта милиция тарабынан каралат. Коопсуздук кызматы бул ишти өзүнө алып, Калпетовго берген суроолорунун дээрлик токсон пайызы “мамлекеттик төңкөрүш” деген күнөөгө жыкканга аракет жасалып жатат. Чыккандан кийин да кечээ шаардык сотко барып, ал жерден аны ошол бүт процессуалдык эрежелерди, анын укуктарын бузуу жолу менен кайрадан аны камакка алышкан. Муну биз саясий куугунтук деп эсептейбиз. Бул бизди коркута албайт. Анткени биз Акаевдин убагында да ушундай эле кысымдарга туруштук берип жүргөнбүз, - деди Өмүрбек Текебаев.

Эми бул иш боюнча дүйшөмбү күнү адвокат Райымкул уулу Касымбек Бишкек шаар сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылмакчы.

XS
SM
MD
LG