Анда мамлекеттик телекомпанияларды коомдук телевидениеге айлантуу, бул багытта эл аралык тажрыйбаларды колдонуу маселелери талкууланат. Жыйында Орусия, Украина жана Грузиядан келген медиа адистер мамлекеттик телекөрсөтүүнү реформалоо, коомдук телекөрсөтүүнү өнүктүрүү боюнча өз ойлорун айтышмакчы. Медиа өкүлчүлүк институту уюштуруп жаткан бул форумга президенттик администрациянын, өкмөттүн өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары да катышат.(SM)