Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:00

КЫЛЫМЫҢ «КЫРГЫЗАФРИКА» БОЛОБУ, КЫРГЫЗСТАН?


2006-жылдын 1-январына карата Кыргызстандын тышкы бересеси 1 миллиард 884 миллион АКШ долларын түзөрүн, мурдагы өкмөт четтен келген карыздарды артын ойлобой туруп эле ала бергенин, кайран акчанын кайтарымы калкка тийбей жок болгонун, маселен, 48 миллион доллары мамлекетти башкарууга, 118 миллион доллары өнөр жайына, тактап айтканда Кыргызстандын индустриалдык гиганттарын же алда-немедей иштеп турган завод-фабрикаларын талкалап жок кылган ПЕСАКтын кулкунуна куюлганын, 480 миллион доллары агрардык секторду өнүктүрүүгө, мындан да тагыраак айтканда байыртан мал менен өсүп, малдын сырын башкаларга «окутуп» келген кыргызга мал бакканды үйрөткөн чет өлкөлүк дейди программаларды колдоого же Жети-Өгүздүк атактуу чабан Зейнеп Бейшекееванын «кочкорум бар акебайлар!» деп какшаган үнүнө кулак салбаган Апас Жумагуловдун өкмөтү 60 миллион долларга «Боинг» самолету менен Австралиядан кочкор ташыганга кеткенин, 470 миллион доллары 15 жылдан бери көкүрөгүн муз, көчүгүн сыз басып олтурган социалдык тармакка корогонун, 460 миллион доллары майнабы элине тиелек «Манас» аэропортун кайра курууга д.у.с. аты дүңкүлдөк, заты күңкүлдөк иштерге жумшалганын… акыры А.Пушкиндин атактуу жомогундагы кемпир-чал кейпин кийип, эски тепшини кучактап олтуруп калганбызды, эми ХИПИКке кирсек андан беш-бетер болорубузду жазды «МСН» гезити. Ошол эле учурда Жер шарынын бир дагы өлкөсүндө медициналык мекемелердеги санитаркалары айына 10 доллардан, мугалимдери айына 30 доллардан маяна алып жашаган бир дагы өлкө жок.

«Агым» гезитинин суроолоруна жооп берген депутат Мелис Эшимканов, жакында экс-президент А.Акаев менен сүйлөшкөнүн, эми түштөн кийин ал «Менин каталарым» деген китеп жазып атканын, бир кезде ошол эле Акаев Т.Усубалиев аркылуу 5 миллион сом айып салып «Асабаны» жаптырса, азыркы бийлик «Энерготармактар» ишканасы аркылуу 6 миллион айып салып «Агымды» жаптырганы жатканын, өткөн бийликтин кыянаттыгын азыркы бийлик төкпөй-чачпай кайталап турганын, «Агымды» жапкан менен ал аккан арыкты баары бир бууй албасын, гезит башка бир ат менен чыга берерин кеп кылды. Ушул эле гезит Таластагы канча жылдан бери басылбай жылыга чуусу чубалып келаткан «төө буурчакка» байланыштуу Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчилигинин бир бет көлөмүндө түшүндүрмөсүн басты.

«Менин өмүрүм коркунчта турат. Свердлов райондук мамлекеттик админстрация башчысы-аким Пайзулло Рахманов көзүмдү тазаларын ачык эле айтып турат, жакында бука моюн, буура сан эки жигит келип, «жашагың келсе сыйың менен кетип кал да Рахмановго баш көтөрүп өйдө караба!» деп эскертип кетишти,-дейт «Кыргыз руху» гезитинин бүгүнкү санына жазган катында Сулайманов Эрнис Зарлыкович аттуу адам. Бишкектин Свердлов районундагы финансы бөлүмүнүн начальниги кызматындагы бу киши өмүрүнүн коркунучта экенин айтып депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин төрайымы Нуржамал Байболовага да кайрылган.

Бирок, акимдин айланасында жазган макаласында «Кыргыз руху» гезити, президент К. Бакиевдин тандемдеши болгон өкмөт башчысы Ф.Куловду каакы ордуна көрбөгөн Пайзулло Рахманов чынында эле каалагандай тайраңдап келатканын, анын мисалы катары, район үчүн делген 17 миллион … дайынсыз жоголгонун, «Карагачева Роща» деген жерде менчик үй куруу үчүн «участоктор» үч кайталап сатылганын…ж.б.д.у.с. тууралуу материалдар редакцияга келип түшкөнүн, аны кийинки санында жарыя кыларын кабарлаган.
XS
SM
MD
LG