Баткен шаарынан кай тарапка көздөй жөнөбө, баары бир тигил же бул чегара тосмосуна барып такаласын. Анда кыдырып чыгалы. Баткен шаарынан Батышты көздөй же болбосо Лейлек району тарапка15 чакырым алыстабай, жаңыдан коюлган Сурх тажик бекети жайгашкан.
-Баткенге базарга барсак картошка алып өтсөң автоматтарды такап, бир кап картошканы алып алат. Тамак-аш алсак андан алып алышат. Колумду кайрып кыргыздар силер “тоту кушсуңар” дейт. Силер бул жерден өтпөйсүңөр дейт. Мени эмнеге урат алар,- -дейт Кыргызстандын тургуну.
Баткен шаарынан түштүктү көздөй, башкача айтканда Ош тарапка чыгып көрөлү. Сох анлавындагы чегара бекети. Чыгыш жакта болсо айтылуу «Борбалык» өзбек бекети күтүп турат. Түндүк тарапта болсо Гулистан тажик тосмо бекети орун алган.
Чегара тилкелерине бай Баткен аймагынын жергиликтүү чиновниктери да чегара инциденти катталыптыр деген сөзгө кулагы канып көзү тоюп бүткөн. Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу органдары боюнча бөлүм башчысы Таштемир Эшалиев, канчалаган эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрсөк дагы, абал эскиче сакталып, келишимдер кагазда жана ооз учунда калып калууда дейт:
- Бул маселе боюнча Сох районунун жетекчилери менен Фергана облустук акимиятынын жетекчилери менен көп сүйлөшүүлөрдү уюштурганбыз. Ошол уюшулган мезгилде бир- эки күн жакшы болот да калган күндөрү үйрөнгөн адат боюнча акча тономой, коркутуп-үркүтүү иши кылынат. Мындай фактылар бизде абдан көп. Фактылар боюнча биз барып айтып жатабыз. Бирок ага карабастан дагы ушундай көрүнүштөр улантылуууда. Бул маселени жоюу үчүн токтом кабыл алганбыз. Бирок жылыш жок.
Жергиликтүү элдин жогорку бийликке өз үндөрүн жеткизүүнүн дагы бир жолу Баткенден шайланган депутаттар. Декабрдын башында шайлоочулары менен жолугушуу өткөзүп келген Жогорку Кеңештин депутаты Муратбек Жураев менен байланышканыбызда, Баткендеги чегара маселелери боюнча премьер-министр Феликс Кулов менен сүйлөшкөнүн жана Тажикстандын Сурх чегара тосмосун 15-декабрга чейин алдырып салуу тууралуу аткаруу бийлигинин чечими чыкканын маалым кылды.