Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:29

АЗИЯ ОЮНДАРЫ: КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖӨӨ КҮЛҮКТӨРҮНҮН ЖОЛУ БОЛБОДУ


Кабыл Макешов, Доха

Дохада 15-Азия оюндарынын жеңил атлетика жарыштарында Кыргызстандык жөө күлүктөр үмүттү актай албады. Түштүк Кореянын Пусана шаарында Татьяна Борисова 14-Азия оюндарынын чемпиону болуп, алтын медаль тагынса, Дохада 2 жолу жарышка катышып, экөөндө тең марага жетпей чыгып кетти. Таня 3 күн мурда 800 метрге чуркабай коюп, 1500 метрге күчүмдү сактайм деп шылтоо кылган. Кечээ бутумдун тарамышы түйүлүп калды деген шылтоону бетке кармады.

Атасы өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Борисов да Бишкекте ооруканада жаткандыгы Таняга психологиялык жактан терс таасирин тийгизди көрүнөт.

Бул аралыкка чуркаган Анна Клюшкина марага жетинчи болуп келди. 5000 метрге жарышка катышкан Денис Багрев Бахрейн менен Катардык жөө күлүктөргө караандабай калды.

12-декабрда фехтование, ушу саньда боюнча мелдештерине катышкан кыргызстандык спортчулардын жолу болбоду.

13-декабрда Дохада 15-Азия оюндарынын эркин күрөш таймаштары башталды. Кыргызстандык спорт күйөрмандардын үмүтүн жандырган балбандардын үчөө күрөшкө чыкты. Жаштар арасында Азия чемпионатынын күмүш байге ээси Максат Жакшылыков жаштык кылып, атаандашы кытайлык жигитке алдырып койду. 74 кг салмакта өлкө намысын коргогон Талант Жекшенов Сириялык балбанды утуп, жарым финалда Түштүк Кореялык жигитти жеңип атып, акыркы 5 секундда утулуп арманда калды.

Эми Талант Жекшенов кечинде коло медаль үчүн күрөшкө чыгат. 96 кг салмактагы Алексей Крупников күрөштү. Алексей былтыр дүйнө чепионатында күмүш медаль тагынган. 4 жыл мурда Руслан дагы 14- Азия оюндарында 2-орунду ээлеген. Бул ирет Алексей биринчи беттешүүдө Ирактык атаандашын оңой эле утту. Жарым финалда Өзбекстандык Олег Коллагов менен күч сынашып, Алексей акыркы секундда атаандашына бир упай айырма менен алдырып койду. Эми Алексей Крупников бүгүн кечинде коло медаль үчүн күрөшкө чыгат.

Кыргызстандык 4 балбан эртең күч сынашмакчы. Балбандардын даярдыгы тууралуу Бишкек шаарындагы Шераалы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын деректору Касымкул Оңолбеков айтып бермекчи.

-Бүгүн биздин үч балбаныбыз килемге чыгып, өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша күрөшүп жатышат. Буюрса кечинде Талант Жекшенов менен Алексей Крупников экөө коло медаль үчүн күрөшөт. Эртең бизде чемпионаттын жаштар арасында коло медалдын ээси Турарбек уулу Нурлан 55 кг салмакта, 66 кг салмакта Белеков Ноорузбек чыгат. Ал дагы жаштар арасында дүйнө чемпионатынын 3-орунду ээлеген жигит. Андан тышкары 84 килограммда Толубаев Самат ,120 килограммда Мустабаев чыгышат, - деди Касымкул Оңолбеков.

Эми дагы бир сүйүнүчтүү кабар, гребле кайык жарышына катышкан Елена Рыбалова 500 метр жарышта финалдык топко кошулду. Жеңүүчүлөрү эртең аныкталат.
XS
SM
MD
LG