Бирок эки өлкөнүн деңиз чек арасы мурдагы келишимдерге таянып аныкталышы керек деп, билдирди Түркмөнстандын тышкы иштер министри. Азербайжандын тышкы иштер министринин айтуусунда, бул маселе боюнча эки өлкө ортосунда апта башында өткөн сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз болгондуктан, Каспий боюндагы 5 өлкөнүн –Россия, Азербайжан, Казакстан,Түркмөнстан жана Ирандын дипломаттарын жаңы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүгө чакырышкан. Каспийдин статусун аныктоо алга жылбай турат.