ТЕГЕРАН. Иранда бүгүн муниципалдык шайлоонун жана эксперттер кеңешине өткөн шайлоонун алгачкы расмий жыйынтыгы чыгарылат. Эксперттер Кеңеши өлкөнүн жогорку диний лидерин тандайт. Ирандын бийликтери 15-декабрде өткөн шайлоого шайлоочулардын 60 проценти катышканын белгилеп, добуш берүүнү чоң ийгилик катары сыпаттаган. Акыркы жылдардагы шайлоодо консерваторлорго уттуруп койгон реформачыл саясатчылар эми кайра бийликке кайтып келүүгө үмүттөнүп жатышат.