Дохада өткөн Азия өлкөлөрүнүн XV Азия оюндарында Кыргызстандын спортчулары төрт күмүш, беш коло медалына ээ болуп, командалык эсеп менен 28-орунга татыктуу болду. Катарда спорттун 39 түрү боюнча мелдеш өтүп, 45 өлкөнүн спортчулары катышты. Азия оюндарына Кыргызстандан 191 адам барган. Алардын 128 спортчулар. Келерки 16-Азия оюндары Кытайдын Хуанжу шаарында 2010-жылы болмокчу.