Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:08

17:29 Кыргызстандагы америкалык аскерлер АКШнын аскер мыйзамдарынын негизинде соттолот


Кыргызстандагы АКШнын элчиси Мари Йованович “Манас” аба майданындагы 6-декабрдагы окуя боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жиберген нотага жообун берди. Андагы маалыматка караганда, Кыргызстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү АКШнын Согуштук аба күчтөрү жүргүзүп жаткан тергөөлөргө катыша алат. Андан сырткары, Кошмо Штаттар “Манас” аскер базасындагы эки жакты кооптондурган маселелерди карап туруу үчүн Тышкы иштер министрлигинин биргелешкен комиссия түзүү сунушун колдойт. Ал эми америкалык аскерлер 2001-жылдагы келишимге ылайык Кыргызстандын аймагында кылмыш кылгандыгы үчүн сот жоопкерчилигинен кутулбайт, бирок аларга карата укуктук чечим АКШнын аскер мыйзамдарынын негизинде кабыл алынат.

XS
SM
MD
LG