Ооганстанда талиптер эки тыңчынын бирөөсүн мүчөлөп, экинчисин даракка асып өлтүргөнү маалымдалды. Айыл тургундары бул окуя боюнча өкмөттү же НАТО күчтөрүн кабарлаган эмес. Маалыматка караганда, экөө Кандагар вилайетинде 18-декабрда өлтүрүлгөн. Ошол эле күнү Забул вилайетинде жети талиб камакка алынган.