Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

АКШ: ДЕМПАРТИЯ ИРАК САЯСАТЫН КАНДАЙ ӨЗГӨРТӨТ?


Жаныл Жусубжан, Прага Кошмо Штаттарында өткөн айдагы шайлоодо Конгресстин эки палатасында тең Демократиячыл партия көпчүлүккө ээ болду. Сенат менен Өкүлдөр палатасы келерки айда өз ишин баштаганда партия лидерлери президент Жорж Буштун Ирак боюнча стратегиясын өзгөртүүгө үмүттөнүшүүдө. Бул тууралуу Өкүлдөр палатасынын таасирлүү Куралдуу кызматтар комитетин жетектей турган демократ Ике Скелетон билдирди. Азаттыктын Вашингтондогу кабарчысы Эндрю Туллинин репортажы менен Жаныл Жусубжан тааныштырат.

Скелтондун айтымында, демократтар көзөмөлдөгөн Конгресс Буштун Ирак стратегиясын өзгөртүү үчүн үч түрдүү аракеттене алат. Биринчиден согушту тез арада токтотуу үчүн ага бөлүнгөн каражатты кыскартуу. Бирок конгрессмендин пикиринде буга барууга болбойт, себеби мындан Ирактагы америкалык аскерлерге коркунуч келет жана Ирактын эли диний секталар аралык жана ал-Каида жүргүзүп жаткан согуштардын капканында калат. Экинчи мүмкүндүк, деп айтты Скелтон, Буштун согуш жүргүзүүсүн чектөөчү мыйзам кабыл алуу, бирок Скелтондун сөз кыясында, ал мындай кадамды колдобойт.

Скелтон үчүнчү мүмкүндүк катары Буштун согушту кандай жүргүзүп жаткандыгына Конгресстин көзөмөлүн күчөтүүнү атады жана Куралдуу кызматтар комитетинин төрагасы катары ал дал ушул багытта иш жүргүзүүгө нийеттүү экендигин билдирди. Анын айтымында, келерки айдан баштап демократтар Буштун администрациясына Ирак боюнча "олуттуу суроолорду" бере баштайт:

Бул Коргонуу департаментинде жана башка чөйрөлөрдөгү иш-чараларга таасир тийгизээри шексиз. Бул өтө таасирдүү чараны Конгресс буга чейин колдонгон эмес.

Конгрессмен ошондой эле учурда кызуу сөзгө алынып жаткан Ирактагы америкалык аскерлердин санын дагы 30 миңге көбөйтүү маселесине токтолуп, бул чараны колдобой тургандыгын билдирди. Анын пикиринде, Ирак согушун багынбастан бүтүрүүнүн эң мыкты жолу өлкөдөгү бейкуттукту өздөрү гана калыбына келтире аларын Ирактын жетекчилигине жеткиликтүү түшүндүрүү болуп саналат.

XS
SM
MD
LG