Президенттин маалымат кызматы Сапармурад Ниязовдун дүйнө салышына байланыштуу түркмөн элине көнүл айтуу бүгүн жөнөтүлөөрүн кабарлады. Бирок 24-декабрга белгиленген түркмөн президентин жерге берүү жөрөлгөсүнө Кыргызстандан делегация бараар-барбасы азырынча белгисиз. Сапармурад Ниязов шаршембиден бейшембиге караган түнү кокусунан жүрөгү кармап, дүйнөдөн кайткан.(SM)