Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:00

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯ БОЮНЧА ӨКМӨТ ДАЙЫНДАЙ АЛАБЫЗ


Азыр Жогорку Кеңеште Конституцияны кайрадан өзгөртүү аракети жасалууда. Маселе алгач өткөн жума күнү талкууланып, сунуш кылынган өзгөртүүлөр кайра иштөөгө жиберилген. Баш мыйзамдын жаңы редакциясы 41 депутаттын колдоосунда кечээ күтүүсүздөн кайра күн тартибине киргизилип, бирок добуш берүүгө келгенде өтпөй калды. Өкмөт кызматтан кеткенден кийин түзүлгөн жагдайдан улам Баш мыйзамга сунуш кылынып жаткан өзгөртүүлөр демилгечилердин пикиринде президенттин ыйгарым укуктарын тактайт. Ал эми алардын оппоненттери тескерисинче кайра күчөтөрүн белгилешүүдө. Конституцияны кайрадан өзгөртүү аракеттери тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев “Азаттык” менен ой-пикир бөлүштү.

- Парламенттеги оппозициялык топ албетте Конституциянын кайрадан өзгөртүлүшүнө каршы болууда. Алардын ичинде сиз да барсыз. Бирок президент менен жолугуп, Акүй менен иштешип жаткан экинчи топ өз аргументтерин келтирүүдө. Алар сунуш кылынган өзгөртүүлөр өткөндө Конституция түнүчүндө кабыл алынганда жол берилген айрым карама-карышылыктарды оңдойт деп жатышат. Талаш туудурчу жоболор бар экенин спикер Марат Султанов өзү да айтууда. Албетте, бир айда эки Конституция кабыл алуу өөн учураган көрүнүш, бирок ошого карабай балким чын эле кайра оңдоо зарылдыр?

- Биринчиден, биз бир эле декабрь айында Конституция кабыл алсак Кыргызстандын эли, тышкы дүйнө, коомчулук эмне деп ойлойт. Октябрда бөлөк Конституция алдык эле, ноябрда жаңы Конституция алдык, декабрда андан да бөлөк Конституция кабыл алабыз деген туура эмес. Экинчиден, Конституция абдан олуттуу, мамлекеттеги эң биринчи юридикалык документ. Ага абдан жоопкерчиликтүү мамиле кылыш керек. Эгерде бүгүнкү өкмөттүн отставкасы боюнча сөз кыла турган болсок, ал сөзсүз жаңы Конституцияны кабыл алууга өбөлгө түзбөйт. Өкмөт отставкада. Былтыркы өкмөт дагы 9 ай өкмөттүн милдетин аткаруучу болчу.

Эгерде биз мурунку Конституциянын негизиндеги принциптер менен өкмөттү шайлайлы десек, Конституциялык мыйзам бар өкмөт жөнүндө, ошонун негизинде президенттин укугу бар, эч ким аны Конституцияга каршы келет деп айткан жок. Жаңы Конституциянын негизинде өкмөттү дайындай алабыз. Биздин парламенттик партиялык көпчүлүк бар 22 депутаттан турган. Мына ошолор алып чыкса болот.

Үчүнчү, азыркы өкмөт милдетин аткарып иштей берсин, 6 айдын ичинде өткүл мезгилдеги өкмөт жөнүндөгү бир статьяны киргизип, Конституция кабыл алсак болот. Бул атайын алдын ала ойлонулган саясат. 8-ноябрда биз Конституцияны кабыл алып атканда депутат Текебаев экөөбүз ушул статьяны киргизгенбиз. 2010-жылга чейин өкмөт отставкага кетип, кайра дайындалып калса көпчүлүк депутаттар, парламенттин жарымынан көбү кол койгон, колдогон премьер-министрдин кандидатурасы президентке сунуш кылынат деп жазганбыз, аны Акүйдөгүлөр алып койгон. Ушундай тактика болгон.

- Эми ошондой өкмөт боюнча жобону башкаларга тийишпей кайра киргизүүгө болобу?

- Азыр Конституция өкмөттүн отсавкасы боюнча сөзсүз түрдө жаңы толуктоону, же өзгөртүүнү кабыл алууну шарттабайт. Албетте бул Конституцияда да кээ бир катачылыктар кетирилген. Аларды оңдоо үчүн атайын биргелешкен комиссия түзүп, мүмкүн кийинки жылдын сентябрына дайындасак болот.

Милдетин аткаруучу болуп азыркы өкмөт былтыр 9 ай жүргөн. Азыр алты айга дайындап койсо болот. Ага чейин биз өкмөт жөнүндөгү мыйзамга бир статья киргизип, ошонун негизинде өкмөттү дайындасак болот. Бирок аны күтпөй эле президент азыркы иштеп жаткан өкмөт жөнүндө мыйзамдын негизинде премьер министрдин талапкерлигин Жогорку Кеңешке сунуштап колдоо ала алат. Жок, андай эмес десе жаңы Конституциянын принциптери көп партиялуулук боюнча бизде 2000-жылы Борбордук Шайлоо Комиссиясынын жыйынтыгы боюнча 22 депутат партиядан өтүп келген. Ошолор топтошуп премьер-министрдин кандидатурасын президентке көрсөтөт, президент ошону Жогорку Кеңеш аркылуу бекитет. Юридикалык негиздер бар. Азыркы биздин кээ бир депутаттар сунуш кылып аткан Конституция өкмөт жөнүндө эмес, анда ушул моментти пайдаланып президентке эбегейсиз полномочие берүү жөнүндө сөз болуп атат.

- Кокус ушул долбоор кабыл алынып кетсе сиздин прогнозуңуз кандай?

- Кесиптеш депутаттар биринчи жолу коюп, мен да каршы чыгып сүйлөп, алар 36 добуш менен күн тартиптен алып салышкан. Бирок Акүй тараптан катуу колдоо болду окшойт. Себеби бул Конституциянын долбоору кыргыз мамлекетине, же кыргыз парламентине, же кыргыз өкмөтүнө тийиштүү эмес, болгону президентке гана полномочие берели деген сөз. Биз бир адам үчүн Конституцияны кайра өзгөртүүгө баратабыз. Бул келечекте жакшылыкка алып келбейт. Мындан кийинки кадам бул диктатура болот. Ошондуктан биздин фракция кайра алып чыгуусуна каршыбыз. Саясатта кээде ыйман болуш керек, өтпөй калган маселени кайра зордоп бере бербеш керек. Бизде бир мыйзам өтпөй калса регламент боюнча алты айдан кийин гана алып келүүгө болот.

XS
SM
MD
LG