Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 20:53

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ: КОНСТИТУЦИЯЛЫК ЖОЛ МЕНЕН КЕТЕБИЗ


Президент Курманбек Бакиев “Ата мекен” партиясынын жетекчилери менен жолугушту. Жолугушуу кечээ кечке жуук болгон. ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев президент менен жолугушууда болгон сөз жөнүндө “Азаттыкка” маалымат берди.

- Оболу тактап алчу нерсе, кечээги жолугушуу кимдин демилгеси менен өттү?

- Кечээ жолугушуу ортомчулардын демилгеси менен болду.

- Демек, президенттин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, сиздер комиссиянын өткөн айда күчүнө кирген жаңы редакциясында олуттуу карама-каршылыктар бар экенин белгилеп, аны кайра Конституцияга ылайык оңдоо үчүн макулдашуу комиссияны түзүүнү сунуш кылдыңыздар?

- Конституция кабыл алынып жатканда андай ката бар экендигин биз ачык айтканбыз. Ал каталарды шашылыш болбогон учурда Конституцияда көргөзүлгөн нормаларга ылайык өзгөртүү, түзөтүүлөрдү киргизебиз деп макулдашканбыз. Баарыбызга белгилүү, Конституцияга өзгөртүү киргизүү өтө татаал. Конституциялык соттун тыянагы менен мыйзам келип түшкөндөн кийин 3 айдан эрте эмес 6 айдан кем эмес убакыттын ичинде каралыш керек. Биз мына ушул убакыттын ичинде кеткен карама-каршылыктарды, кемчиликтерди техникалык жактан оңдошубуз керек. Биз ушул оюбузду президентке айттык.

- Президент Бакиев эмне деди, азыркы аракеттерди мыйзамсыз деп эсептейт бекен, же колдойт бекен?

- Президент бүгүн татаал укуктук саясий кырдаал түзүлдү деди. Мына ошондон чыгыш керек. Эки талап бар дейт. Бир талабы Жогорку Кеңешти таратып жиберсек эле кризистен чыгабыз дегендер бар экен президенттин айланасында. Биз андай жол менен кризистен чыгуу мүмкүн эмес, ал өлкөдө саясий тынчтыктын кетишине, айлап, жылдап талаш тартыштарга алып келип, өлкөбүздүн экономикалык өнүгүшүнө кедергисин тийгизе турган фактор болушу мүмкүн деген оюбузду айттык. Мындан чыгып кетүүнүн укуктук бүгүнкү мыйзамдагы ылайык жолу бар. Ал жол үч айдын ичинде тигил, же бул өзгөртүүлөрдү Конституциядагы норма аркылуу киргизүү. Ал эми бүгүнкү аткаруу бийлигиндеги кризистен бүгүнкү күндөгү аракеттеги өкмөт жөнүндөгү мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен чыгыш зарыл деп эсептейбиз. Ал үчүн кыска убакыттын ичинде ынтымакташуу комиссиясын түзүп, бир мыйзам долбоору иштелип чыгыш керек. Ал мыйзам долбоору бүгүн кечке дейре даярдалышы мүмкүн.

- Демек ынтымак комиссиясы бүгүн түзүлөбү?

- Ал комиссия бүгүн кечке чейин түзүлөт, үч айдан кийин кирүүчү Конституцияга өзгөртүү, түзөтүүлөрдү иштеп чыгат. Мен дагы кайталагым келет, үч айдан кийин Конституцияга өзгөртүү түзөтүүлөр бул техникалык жана одоно шашылышта кеткен каталарды, келишпестиктерди жоюу үчүн багытталган.

- Экинчи тарап 41 депутаттан турган топтун өкүлдөрү айтып жатышат, Конституциянын жаңы редакциясы деген долбоорду биз эртең дагы кайра Жогорку Кеңеште талкууга коюу аракетин жасайбыз дейт. Демек ынтымак комиссиясы кокус түзүлгөн шартта алар мындай демилгесинен баш тартат болуш керек?

- Сүйлөшүүлөр ал тарап менен да жүрөт. Мен дагы бир жолу кайталагым келет, алардын аракети таптакыр Конституцияга сыйбаган, Конституциялык нормаларды сыйлабаган аракет. Эгер биз мындай болсо Конституциянын мыйзамдарынын баркын кетиребиз. Бул жөнүндө да биз президентке айттык. Мен ойлойм, ал коллегалар менен да бүгүн сүйлөшүүлөр болот. Экинчи тараптагы депутаттардын өкүлдөрү дагы ынтымак макулдашуу комиссиясына кирет.

XS
SM
MD
LG