Ош облусу азык-түлүк, жылуу кийим жана чатырлардан турган мындай жардамды жакын арада жер титирөөдөн жапа чеккен Кочкор районуна жөнөтмөкчү. Жалалабаттыктар да кечээ бир күндүк эмгек акыларын которушаарын кабарлашып, табият кырсыгынан жабыркаган элге жардам көрсөтүү үчүн кайрымдуулук акциясын уюштурушкан. Мындай иш-чаралар өлкөнүн башка аймактарында да жүргүзүлүүдө. (SM)