Буга Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин сотко келбей калышы себеп болгон. Бул тууралуу “Азаттыкка” коомдук тартипти бузуп, бейбаштык кылган деген айып менен сот процессинен өтүп жаткан Азиза Абдрасулова өзү маалымдады. Анын айтымында ага каршы кылмыш ишин козгогон милиция кызматкерлери ушуну менен төртүнчү жолу сотко келбей коюшту. Ленин райондук ички иштер бөлүмү чукул жыйын өткөрүп жаткандыгына байланыштуу соттон бул ишти кийинкиге калтырууну өтүнүшкөн. (IJz)