Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:07

ИРАН: КИЯНУШ САНЖАРИ ИНТЕРНЕТ ЖУРНАЛЫ ҮЧҮН АБАКТА ОТУРУП ЧЫКТЫ


Бермет Эгембердиева, Прага Жакында эле түрмөдөн бошотулган белгилүү ирандык студент абакта өткөргөн күндөрү тууралуу “Азаттыкка” айтып берди. Интернетте күндөлүгүн ачкан жаш саясатчы Киянуш Санжари эмне үчүн айыпталганы азыркыга чейин бүдөмүк бойдон кала берүүдө. Бирок Санжари негизги себеп анын интернет баракчасында жайгаштырылган макалалар бийликтегилердин кыжырын келтиргендигинде деп ойлойт.

Жаш саясатчы Киянуш Санжарини 100 миллион туман, башкача айтканда, жүз миң доллардан ашуун акча күрөөгө коюп абактан чыгарышкан. 27-декабрда баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнгө чейин ал Тегерандын айтылуу Эвин абагында 3 айдай олтурду. Санжари былтыр октябрь айында динди саясаттан бөлүүгө үндөгөн Аятолла Каземейни Боружердинин тарапкерлери менен полиция кагылышкан маалда кармалган.

Санжари аны кандай шарттарда камаккка алышканынын чоо-жайын айтып отурууну каалаган жок:

- Азыркы акыбалымдагы мыйзамдык чектөөлөрдөн улам жана мен толук эркин болбогондугума байланыштуу кандай кырдаалда камалганым жана коопсуздук абагынын 209-бөлүмүндө кармалганым тууралуу болгонун болгондой айтып бере албайм. Бирок, менин айта ала турганым – саясий камактагыларды коргоо тармагындагы ишмердүүлүгүмдөн тышкары, айтмакчы, алардын арасында менин нечендеген досторум да бар, мындан тышкары, мен интернетте атайын журнал ачкан кишимин. Ошол 7-октябрь күнү мен нааразылык чарасын интернет журналымда – блогдо чагылдыруу үчүн алиги нааразылык иш-чарасына барган болчумун,- дейт Киянуш.

Ал күнү Санжариден башка дагы ондогон адамдар камакка алынган. Алардын ичинде аятолла Каземейни Боружерди да бар. Көпчүлүгү боштондукка чыкты, бирок аятолла күнү бүгүнкүгө чейин камакта кала берүүдө.

Санжарини Ирандын мамлекеттик системасынын өзгөчө сынчылары жана оппозициячыл ишмерлер кармалчу Эвин түрмөсүнүн эң каргашалуу 209-бөлүмүнө которушкан. Бул бөлүмгө которуп жатканда өзүн аeосуз таякташканын Киянуш Санжари ачык айтты.

209-бөлүмдөгү алгачкы сурак кандайча өткөнүн ал мындайча эскерет:

- Мени сегиз же тогуз жолу жаакка чапкан кишинин ким экенин көрө алган жокмун, себеби ошол мезгилде менин көзүмдү таңып коюшкан. Ал менин өлүм жазасына кесилгендердин катарына кошулушум ыктымал экенин да айтты. Бирок, албетте бул мага психологиялык жана физиологиялык жактан басмырлоо үчүн гана айтылган сөздөр болчу.

Санжариге Иран түрмөлөрүндө тагылган айыпты моюнга алдыруу үчүн колдонулган жосунсуз ыкмалар жакшы тааныш. Буга чеийин эле ал бир нече жолу камалган, эң биринчи жолу 17 жаш курагында абакка туш болгон.

Укук коргоо уюмдарынын айтымында, ирандык саясий айыпкерлерди жалгыздап камоо ыкмасы көп колдонулат. Камерада жападан жалгыз кармоо ыкмасын “таза кыйноо” деп атап коюшат.

Санжари ушундай “таза кыйноого” буга чейин бир нече ирет туш болгон, акыркы жолу абакта отурганда эч ким менен көрүшүп, сүйлөшө албай өзү жалгыз бир ай чамасында отурган.

Анын айтмында, бул эң бир катаал кыйноолорго жатат: - Мага колдонулган жалгыз кармоо ыкмасы – бул мен сыяктуу укуктары тебеленген кишилер үчүн алардын рухун жана акыл эсин оор сыноого дуушарланткан эң бир адамгерчиликсиз кыйноолордун бири сыяктуу сезилет. Өз пикирин, көз карашын билдирген адамдарга ушундай катаал кыйноолоор колдонулбаган күн да келээр деп тилек кылам.

Киянуш Санжариге тагылган айыптар алигиче бүдөмүк. “Эмнести Интернешнл” эл аралык уюму ирандык бийликтер Киянушту мамлекеттик коопсуздукка каршы кылмыш кылды же калайыкты системага каршы үгүттөдү деген сыяктуу доолор боюнча айыпташы ыктымал деп божомолдойт. Демейде ирандык диссиденттер кайчы көз карашы үчүн дал ушул сыяктуу доолорго кабылчу.

Санжари өзү ачкан интернет журналы – блог жергиликтүү бийлик үчүн жагымсыз көрүнүш болду го дейт:

- Сурак маалында мага нечен ирет айтылган суроолордон улам түшүнгөнүм – мен өз интернет журналыма жайгаштырган жана андан соң башка интернет барактарда колдонулган баяндар бийликтин аялуу сезимине тийген окшойт.

Ирандык бул жаш саясатчы жана студент соңку ирет камалганына чейин саясий туруму учун абакта олтургандардын оор абалы тууралуу баяндарды интернет журналында жарыялап келген. Көп узабай эле ал өзү да саясий куугунтукка кабылгандардын катарына кошулду.

Санжаринин иши боюнча сот жараяны качан болоору азырынча белгисиз.
XS
SM
MD
LG