Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 08:29

ИРАН: РАДИКАЛУУ САЯСАТЧЫЛ ӨКМӨТКӨ КОЛДОО АЗАЮУДА


Баян Жумакадыр кызы, Прага Ирандын консерватор саясатчылары принципиалдуу маселелерде бирдиктүү күчпүз дешет. Бирок серепчилер өткөн декабрде өткөн шайлоо консерваторлорду биротоло жиктеди көрүнөт деп боолголошот.

Реформачылардын айтымында, президент Махмуд Ахмадинежат жана анын тараперлерин камтыган оңчул канаттагы радикалдуу күчтөр менен Али Акбар Хашеми Рафсанджани баштаган прагматикалык салтуу көз караштагы реформачыл саясатчылардын ортосунда чоң айырмачылык бар. Бул жиктелүү аталган эки топ 2005- жылкы президенттик шайлоодо орток талапкерди көрсөтө албай койгондо эле айкын болуп, 15-декабрде өткөн муниципалдык шайлоодо эки ортодогу ажырым ого бетер чоңойду.

Рефорачылардын көз карашында, өлкөнүн эң жогорку диний лидерин тандай турган Эксперттер Ассамблеясына өткөн шайлоо калк радикалдуу көз караштагы өкмөттү колдоону азайтып, заманга ылайык көз караштагы күчтөргө карай ооп баратканын көрсөттү. Исламдык Иран Катышуу Фронтунун башчысынын орун басары, реформачыл саясатчы Азари Мансури айым 6- январда ИСН кабар агенттигине берген маалыматында Ахмадинежат бийликке келген күндөн бери күндөн күнгө айкын болуп бараткан бул жиктелүү келечекте дагы тереңдейт дейт. Азари Мансури прагматик консерваторлордун ичинен "үчүнчү агым" пайда болуп, калыптана баштаганын белгилейт.

Ал эми Исламдык Революциялык Можаиттер уюмунун башчысы, солчул канаттагы реформачыл саясатчы Мухамед Саламати Мансури айым сөз кылган "үчүнчү агым" Ахмадинежат президент болуп шайланганга чейин эле бар болгонун жана анын келечекте өзүнчө партия кураарын белгилейт.

Ал оңчул канатты колдогон журналист Масуд Денамаки болсо, эгерде оңчул күчтөр бириге албаса, бул "үчүнчү агымга" дагы бир агым кошула турганын, натыйжада өлкөдө төрт чоң саясий агым пайда боло турганын эскертет.

Булар Реформачыл фронт, салтуу консерваторлор, Тегерандын акими Мухамат Бакир Калибаф баш болгон жаңы фундаменталисттер агымы жана президент Ахмадинежат менен анын өкмөтүн колдогон топ. Эгерде консерваторлордун негизги тобунан обочолонушса, Ахмадинежаттын тарапкерлери жабыр гана тартышат дейт серепчи.

Консерваторлор 2005-жылы болгон президенттик шайлоого орток талапкер көрсөтө албай койушкан. Мындай абал алдыдагы парламенттик шайлоодо да кайталанышы ыктымал.

Мурдагы президент Хашеми Рафсаджанинин бир тууганы Мухамад Хашеми өз ара жиктелген реформачылар менен консерваторлор келерки шайлоого карата өз- өзүнчө коалиция түзөөрүн, ал эми шайлоочулар тигил- же бул агымга, же фракцияга эмес, өздөрү таанып- билген талапкерлерге добуш бере турганын айтат.

XS
SM
MD
LG