Бүгүн эртең менен саат ондордо Бишкектин жер алдынан өтүүчү өтмөктөрүнө жардыргыч зат коюлду деп, Бишкек шаардык милиция кызматына телефон чалган белгисиз адамдын маалыматы жалган болуп чыкты. Чүй проспектиси менен Абдырахманов көчөсүнүн кесилишиндеги, Чүй проспектиси менен Манас проспектисинин кесилишиндеги жана Бейшеналиева көчөсүндөгү жер алдынан өтүүчү өтмөктөр тиешелүү кызмат тарабынан тыкат текшерилип, эч кандай жардыргыч зат табылган жок. (AJ)
13:05 Жер алдынан өтүүчү өтмөктөргө жардыргыч зат коюлду деген маалымат жалган болуп чыкты