Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

КЫТАЙ ОЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНЫН КООПСУЗДУГУНА ОЛУТТУУ КАРАЙТ


Жаныл Жусубжан, Прага 2008-жылы Жайкы олимпиада оюндарын коноктой турган Бейжинде даярдык иштери кызуу уланууда. Спорт жайлары катар-катар түшүп, турак-жайларды да бүт актап, сырдап жатышат. Бирок спорт дүйнөсүнөн тышкары, оюндардын коопсуздугун камсыздоо маселесине да бийликтер тыкыр көңүл бурушууда. Ушуга байланыштуу, Кытай бийликтерине эл аралык коомчулук менен алакасын бекемдеп, ошол эле мезгилде өз өлкөсүндөгү саясий оппоненттерин катуу көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүк жаралууда.

Олимпиада оюндарына 40 миллиард доллар бөлгөн Бейжин спорт жайларынан тышкары 20 миң имаратты кайра оңдоп, жарды-жалчылар жашаган оодандарды тазалап, саябан бактарды отургузууда. Бир эле мезгилде ар кыл идеологиялык көз караштагы экстремисттердин террордук чабуулдарына туш келүү коркунучун эске алуу менен, Кытайдын Олимпиадалык Коопсуздук Командалык борбору ушул айдын башында Эл аралык Байланыш департаментин негиздеди. Департаменттин милдети башка өлкөлөрдүн чалгын кызматтары менен кызматташттыкты жакшыртуу болуп саналат.

Бул жаатта Кытай мурда Олимпиада оюндарын өткөргөн өлкөлөрдүн тажрыйбаларын үйрөнүүдө. Ошол эле учурда Лондондо жайгашкан Жейнстин стратегиялык маалымат уюмунун аналитиги Кристиан Лемиердин айтымында, Кытай бийликтери бул оюндардын аркасы менен чет элдик чалгын чөйрөлөрүнөн кеңири маалыматтарды ала алабыз деп үмүттөнгөнү негизсиз:

Башка агенттиктер канча көлөмдө чалгын жана башка маалыматтарды берерээрин айтуу кыйын, бул Кытайдын ар кайсы өлкөлөрдөгү чалгын иштерине байланышкан. Башкача айтканда, ортодо Олимпиада оюндарынын коопсуздугун камсыздоочу күчтөрдү даярдоо жаатында кызматташттык болот, бирок Кытайга чектелүү мүнөздөгү чалгын маалыматы берилет.

Террористтердин сары изине чөп салуудан тышкары, Кытайдын коопсуздук кызматкерлери баш калаанын көчөлөрүн чөнтөкчүлөрдөн жана үй-жайсыз тентимиштерден тазалоо менен алектенишмекчи.

Анан, албетте, Кытайдын куугунтукталган диссиденттеринин маселеси бар. Оюндун убагында бирөөлөр демонстрация уюштуруп, же укук коргоочуларга байланыштуу чыр чыгышына Кытай жол бере албайт. Бул тууралуу укук коргоочу Мунапыс уюмунун өкүлү Корина-Барбара Френсиз мындай дейт:

- Буга чейин эле өлкөдө ар кыл укук коргоочуларды катуу куугунтукка ала башташкан. Олимпия оюндарына байланыштуу укуктук кырдаал жакшырат деген үмүт акталбай жатат. Балким, бара-бара өзгөрүү болоор.
XS
SM
MD
LG