Бүгүн президент Курманбек Бакиев Доха шаарында өткөн XV Азия оюндарында жеңишке жетишкен спортчуларга сыйлык берди. Күмүш медалдын ээлери веле спорт чебери У.Ваккерге, жеңил атлетикадан Е.Ефименкого 10 миң доллар жана батирдин ачкычын, Грек-рим күрөшүнөн коло медаль алгандарга 5 миң доллардан сыйлык тапшырды. Коло медаль алган балбандар Д.Көбөнов менен А.Крупняковго да батирдин ачкычы ыйгарылды. Грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучулар эки жарым миң доллардан, аялдар күрөшүнүн машыктыруучулары беш миң доллардан сыйлык алышты. (AJ)