Бул тууралуу атып өлтүрүлгөн маркумдун үйбүлөсүнүн кызыкчылыгын коргогон адвокат Галина Скрипкина маалымдады. Адвокаттын айтымында эми «Ганси» аба базасынын жетекчилиги доо-арызды Вашингтонго жолдошу керек. Ал жактан атайын түзүлгөн комиссия АКШ аба базасынын кызматкери Закари Хэтфил атып өлтүргөн Ивановдун үйбүлөсүнө төлөнчү айыппулдун эсебин бычышмакчы. Александр Иванов 2006-жылы 6-декабрында АКШ аба базасына күйүүчү май жеткирип келген учурда атып өлтүрүлгөн эле. (IJz)
14:05 АКШ өкмөтү өздүк аскер кызматкери атып өлтүргөн Александр Ивановдун жубайынын доо-арызын кабыл алды