Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 11-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 01:52

ЕВРОПА СОТУНА КМШ АТУУЛДАРЫ АКЫЙКАТТЫК ИЗДЕП КАЙРЫЛУУДА


Страсбург шаарында 10 чакты жылдан бери иштеп жаткан Европа сотуна акыркы убакта КМШ өлкөлөрүнөн көптөгөн арыздар келип түшүүдө. Cотко негизинен өз мекениндеги соттордон акыйкаттыкты таба албаган жарандар кайрылышат.

2003- жылдын октябрь айында маска тагынган чоочун адамдар оппозиционер Сердар Жалалоглунун үйүнө кирип барып, аны алып кетишкен. Жалалоглу уруксатсыз демонстрация өткөрдү деп айыпталып, үч жыл түрмөгө кесилген. Сурак учурунда аны уруп, сабап, а түгүл зордуктайбыз, деп коркутушкан. Медиктер анын денесинен оор нерсе менен ургандан кийин пайда болуучу тактар бар экенин аныкташкан.
Президенттин мунапысы менен Жалалоглу мөөнөтүнөн мурда бошотулду, бирок чындыкка жетүү үчүн ал Страсбургдагы Европа сотуна кайрылып, ага кордук көрсөткөн Азербайжан бийликтеринин үстүнөн арызданган. Ушул январда сот Жалалоглунун арызын негиздүү деп таап, ага келтирилген зыян үчүн 15 миң доллардан ашык кенемте акча кесип берген.

Бул Европа сотунун Азеробайжанга каршы чыгарган экинчи эле өкүмү, бирок ал Жалалоглу өңдүү түрмөдөн токмок жеп, кордук көргөн адамдардын адилеттүү чечимге үмүттөнүүсүнө негиз берет.

"Бул Азербайжандын абактагы кыйноого каршылык билдирип, берилген алгачкы арыздын канаттандырылып жатышы, бирок ал мындан аркы арыздарга жакшы прецендент түзүүдө. Эми кыйноолорго байланыштуу арыздар тезирээк каралып, аларга орчундуураак мамиле кылынат. Ал арыздар Азербайжандын күч колдонуу органдары үчүн туткунлдарды кыйнап, сабоо кадырэсе ыкма болуп калганын далилдейт" ,- дейт Жалалоглу.

Айтканындай эле Жалалоглу азыр доо арызы канагаттандырылыган биринчи жаран болгону менен, азыр Страсбургдагы сотто азери өкмөтүн сотко берген 600 арыз жатат.

Ончакты жылдан бери ушул түрүндө иштеп келаткан Европа сотунун максаты Еврокеңештин 1950-жылы кабыл алган Адам Укуктарын жана Фундаменталдык Эркиндиктерди Коргоо Конвенциясынын аткарылышын бузгандарды жоопко тартуу. Сотто иштеген 46 судья жылына орто эсеп менен 50 миң арызды карашат.

Арыздардын бир кыйласы Мурдагы Советтер союзунун курамына кирген жумурияттардан келип түшөт. Сотто иштеген росиялык юрист Олга Вишневская муну экссоветтик республикалардагы сот системасындагы кемчиликтер менен түшүндүрөт.

"Сотко кайрылган доочулардын көпчүлүгү укуктарын коргоо үчүн өз өлкөлөрүндө мүмкүнчүлүк жок экенин айтышат. Көптөгөн доочулар Россиянын бийликтерине ишенишпейт, ошондуктан өз өлкөлөрүндөгү сотторго барбастан, түз эле бизге кайрылышат,- дейт Вишневская.

Россиядан келип түшкөн арыздардын көпчүлүгүндө жарандар укуктарын коргоп берүүнү өтүнүшөт. Ошону менен бирге эле Армениядан келген арыздар көбөйүүдө. Азыр сотто Армениядан келген 250дөй арыз каралуусун күтүүдө.

Баян Жумакадыр кызы, Прага
XS
SM
MD
LG