Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:34

ИСКРАЛЫК ДУҢГАНДАРДЫН ИШИ ЖОГОРКУ СОТТО КАРАЛДЫ


Жазгул Жамангулова Бир жыл мурун Искра айылында болгон дуңган-кыргыз чатагына байланыштуу иш бүгүн Жогорку сотто каралды. Соттун чечими менен күнөөлү деп табылган дунган улутундагы эки жигиттин бири төрт жыл, экинчиси төрт жыл алты айга кесилди.

Чүй облусуна караштуу Искра айыл өкмөтүндөгү дуңган кыргыз жаштарынын пикир келишпестиктери, мындан бир жыл мурун коомчулуктун көңүлүн буруп, улут аралык араздашууну тутандырып жибере жаздаган эле. Балдардын компьютер оюнунан чыккан уруш, ок атуу, өрт коюу, таш бараңга алуу сыяктуу баш аламандыктарды шарттап, жергиликтүү кыргыз- дуңган эли күч органдарынын кийлигишүүсү менен бас-бас болгон. Ошол окуядан улам 2006-жылдын апрель айында Чүй райондук соту окуяны жеринде териштирип, күнөөлүү деп табылган Рустам Айнаевди төрт жылга, Абдулла Биянхуну төрт жыл алты айга кескен. Өткөн жылдын май айында кайрадан иш облустук сотто каралып, шартуу түрдө эки жылга кесилсин деп өзгөртүлгөн. Жогорку сот ишти кайрадан карап, кылмыш ишине байланышкан Райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул туурасында адвокат Нина Зотова нааразылык пикирин мындайча билдирет:

- Биз чынында Жогорку соттон мындай акыйкатсыздыкты күткөн эмеспиз, бул адилетсиздик, сот системасындагы коррупциянын күч алгандыгы. Былтыркы жылы болгон окуяга бир гана ушул балдар күнөөлүү деп айтууга болбойт, мындай тартип бузуу жаштар арасында дайыма болуп келе жатат. Ал эми былтыркы окуянын күнөөкөрлөрү бир гана бул жигиттер эмес, канчалаган дуңган үйлөрү талкаланды, эч ким жооп берген жок.

Жогорку соттун соңку чечиминен кийин адвокат Нина Зотова, биз бул кылмыш ишине байланыштуу президентке кайрылуу жолдойбуз деп билдирген. Ал эми “Атуулдук коом коррупцияга каршы” укук коргоо борбору, эртең соттун чечимине нааразы болгон тарап Өкмөт үйүнүн жана Жогорку Кеңештин имаратынын алдында нааразылык акциясын уюштураарын маалымдады. Акциянын максаты - Кыргызстандагы аз сандуу улуттардын укуктарын коргоо жана Искра айылындагы чатакка байланыштуу дуңган улутундагы эки жаранга карата Жогорку соттун чечимине нааразычылык билдирүү.

XS
SM
MD
LG