Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:46

ИСКЕНДЕР ГАИПКУЛОВ: ПРЕМЬЕР-МИНИСТР САЯСАТТАН АЛЫС БОЛУП, ЭКОНОМИКА МЕНЕН АЛЕКТЕНИШИ КЕРЕК


Бүгүн президент К. Бакиев ЖК төрагасы, комитет жетекчилери жана фракция башчылары менен жолугуп, премьер-министр кызматына талапкер көрсөтүү маселеси боюнча кеңеш курат. Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Гаипкулов премьер-министр кызматына талапкер көрсөтүү боюнча болуп аткан саясий окуялар жөнүндө өзүнүн байкоолорун «Азаттык» менен бөлүштү.

- Сиздердин депутаттык топтун өкүлдөрү бүгүн президент менен жолугушууга чакырылдыңыздарбы, барганы жатасыздарбы?

- Депутаттык топтун атынан чогулушка мен барып катышам. Биз дагы депутаттык топ менен эртең менен жолугушуп сүйлөшөбүз бул маселе боюнча. Бизде ой мындай: президент кимдерди сунуш берет, ошол маселени биринчи угушубуз керек. Эгерде депутаттык топторго мүмкүнчүлүк берсе, бизде кишилер көп, Жогорку Кеңештин ичинде да, өкмөттө да.

- Жеке өзүңүз кандай ойдо турасыз, кийинки талапкер бирөө эле болуш керекпи, же бир нече адамдын ичинен, жумшак рейтинг деген ыкма бар го, ошондой жол менен иргелип алынган оңбу?

- Жумшак рейтинг өткөрүү биздин эч бир мыйзамдарда жазылган эмес, бир гана кандидат болушу керек. Бирок депутаттык топтор биргелешип бир кишиге токтолсо жакшы болот эле. Себеби шайлоону бүгүн бүтүрмөкпүз.

- Болочок премьерди тандоодо кайсы баалуулуктар эске алыныш керек. Мисалы, буга чейин Кыргызстанда премьер-министрди тандоодо регионалдык, өз киши, нейтралдык адам деген факторлор эске алынып келинди. Акырында Куловдун мисалында регионалдык фактор менен катар стабилдүүлүк да эске алынган. Эми кандай болуш керек?

- Бүгүнкү күндө Кыргызстанда регионалдык фактор биринчи иретте эске алынышы керек. Экинчиден, профессионал, чыныгы экономика менен иштей турган киши керек. Бул жерде саясатка аралашкан киши иштей албаганын көрдүк. Аны биз “Мекен” тобу ачык эле айтып чыктык Куловдун кандидатурасы каралып жатканда. Премьер-министр деген экономика менен гана иштеши керек. Ушул жерде биздин экономикалык реформаларды жүргүзүшү керек, саясатка башка бийликтер деле жетишет.

- Негизи Конституциянын азыркы редакциясына ылайык премьер-министр экономикалык маселелерди өз алдынча чечим кабыл ала албаган, Акаев доорундагыдай эле президент алдында техникалык функцияны аткарган адам болобу, же андай эмеспи?

- Андай эмес. Толук ыйгарым укуктары бар бул жерде. Эки күч министрлеринен башка министрлерди премьер-министр өзү сунуш берет. Ошон үчүн өзүнүн кабинетин өзү түзгөндөн кийин экономикалык иштердин бардыгын өзү кылса болот.

- Куловдун өтпөй калышынын бир себеби катары ХИПИК боюнча позициясы айтылып жатат. Кандай деп ойлойсуз, болочок талапкердин ушул маселе боюнча позициясын Жогорку Кеңеш ачык билүүгө кызыкдар болобу?

- Сөзсүз болот. Себеби өзүңүздөр билесиздер, Жогорку Кеңештин ою боюнча ХИПИКке кирбей, башка жолдорду таап, ошону менен чыгымдарды жабуу керек. Ошон үчүн бул маселе биринчилерден болуп коюлат келечектеги премьерге дагы. Андан кийин Куловдо ХИПИК эмес, өкмөттү атайын декабрда таратып, кризиске алып келүү максаты болуп калганы көпчүлүккө түшүнүктүү болуп калды. Иштебей эле көпчүлүк саясат менен алектенгени болуп калды.

- Конституциянын азыркы редакциясы 2010-жылга чейин премьер-министрди көрсөтүү укугу президентте. Бирок сиздерден көрсөтүү жөнүндө сунуш түшсө паралмент биримдикте талапкер көрсөтө алышы мүмкүнбү?

- Негизги блок болуп түзүлсө көрсөтө алат болуш керек. Эгерде президент депутаттардан суранса. Ал эми Конституциянын негизинде президент өзү көрсөтүшү керек.

- Искендер мырза берген маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG