Грузиянын Панкиси өрөөнүндө чечен согушчандарынын чакан тобу баш пааналап жүрөт. Бул жөнүндө Россиянын Түндүк Кавказ чек ара кызматынын башчысы Анатолий Забродин билдирди. Анын сөзүнчө, акыркы үч жылда согушчандар Панкисиден Россия тарапка өтүү аракетин жасашкан эмес, бирок, андай мүмкүнчүлүк жок деп айтууга болбойт.Билдирүү Москва жана Тбилиси бири-бирин уран аткезчилигине катыштыгы бар деп күнөөлөп жатканда жасалды.