Мындай пикирин кечээ президент тарабынан өкмөт башчылык кызматка сунуш кылынган айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр-жай министринин милдетин аткаруучу Азим Исабеков “24kg” маалымат агенттигине билдирген. Анын айтуусунда өкмөт башчы чоң саясатка аралашпоого тийиш, ал экономикалык маселелерди чечүүгө жана экономикалык программаларды ишке ашырууга аракеттенүүсү керек. Исабеков ХИПИК программасынын шарттары тууралуу да азырынча маалыматы жоктугун, аны менен таанышып чыккан соң гана ХИПИК тууралуу өз пикирин билдире аларын айтат.