Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

БЕЛОРУССИЯНЫН ДОСУ КИМ?


Орустардын газы жана мунайынан улам Кремль менен араздаша кеткенден бери белорус президенти Александр Лукашенко чаташкан, чалды-куйду билдирүүлөр жасай баштады. Ал бирде туруп Батыш өлкөлөрүнө кызматташууну сунуш кылса, ошол эле учурда алар менен ажырагыс “ашына” болгонго дегеле ниети жоктугун айтууда. Москванын атына да бир катар какаар жана кекээр кептерин арнады.

Немецтердин ‘Die Welt’ гезитиндеги интервьюсунда Александр Лукашенко болочокто Белоруссия Германия же Швеция өңдүү ооматтуу коом болушун көксөй турганын айтып, европалык инвесторлорго өлкөнүн экономикасын кенен ачканга убада берди. Атүгүл келечекте Белоруссиянын еврозонага кошулуп калышын да каңкуулап жиберди. Буга кошумчалап Украина, Польша жана Балтик кылаасындагы үч республика менен биргелешип транзиттик өлкөлөрдүн союзун түзүүнү сунуш кылды. Мындай коалиция, Лукашенконун планы боюнча, өз газы менен мунайын саясий курал кылып пайдаланып жаткан Россиянын дымагын ооздуктоо үчүн керек.

“Die Weltтеги“ интервьюсунан соң эле Лукашенко өлкөнүн тышкы саясатында эч кандай өзгөрүү болбой турганын кескин айтып, кесе белгиледи. АКШга же башка бирөөлөргө бөжөңдөп чуркап барганга ниетибиз жок, деп айтты ал. Бул сөзүн тастыктаганы, жергиликтүү гезиттер кабарлагандай, Ирандын президенти Махмуд Ахмединежадды Минскиге визит менен келип кеткенге чакырды. Тегеран Лукашенконун чакыруусун дароо кабыл алды дешет.

Россияга арналган сөздөрүндө Лукашенко союздук мамлекет тууралуу дегеле айтпай калды. Анын ордуна Белоруссия аркылуу өткөн мунай жана газ куурлары үчүн Москвадан жер арендасын төлөөнү талап кылды. Керек болсо башка да таасирдүү чараларды табабыз, ким кимге карыз экенин ошондо көрөбүз, деп ырастады ал.

Россиялык аналиктердин көбү Лукашенконун баш айланткан маңызсыз сөздөрү Кремлди кокодон тойгузуп бүткөнүн ачык эле айтып, жазып жатышат. “Известия” гезити белгилегендей, белорусстар менен союз түзгөнгө Москва каршы эмес, бирок Россиянын эсебинен жан баккан ашкеби союздаштын да ага кереги жок.

Кремль мындан төрт жылдай илгери эле белорусстарга орус федерациясынын субьектиси болууну сунуш кылган. Буга Лукашенко караманча макул болгон эмес. Мындай план европалыктарды да чочулатат. Ушул себептен улам айрым байкоочулар суверендуу Белоруссияны Россиянын саясий обуруна жем кылып бербес үчүн европалыктар Минск менен кызматташканга барышы ыктымал дешет. Еврокеңештин парламенттик ассамблеясынын төрагасы Ван дер Линден жакындагы бир сөзүндө энергетика чөйрөсүндөгү жаңжал Белоруссияны европалык структураларга көңүл бурганга аргасыз кыларын айтып, сүйлөшүүлөр үчүн жол ачык экенин билдирген эле.

Ошол эле учурда Лукашенко дегенде европалыктардын эбедейи эзилип турбаганы да калетсиз. Алардын медилине кирип,бүлөсүнө мүчө болуу үчүн Белоруссия биринчи кезекте Лукашенконун өзүнөн арылышы керек. Муну “батька” өзү да жакшы түшүнөт. Иши кылып, байкоочулардын баамында, Лукашенко азыр биресе эски досу Россиянын этегине эрмешкенден намыс кылып, экинчи жагы европалык жаңы достору кадырына жетерине ишенбей, эки анжы болуп, эңсеси куруп турган кези окшойт.

XS
SM
MD
LG