Шаар мэри Дүйшөн Мамасалиев бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, “президенттин бир туугандары шаар бийлигинин ишине кийлигишет” , “мэрлик орун үчүн 20 миң АКШ долларын берген”, “ал мурда жетектеген ишканадагы саунада кыздар иштейт”,- деген айыңдарды төгүнгө чыгарды. Анын берген баасы боюнча Жалалабаттагы тазалык менен иреттүүлүк канааттандыраарлык абалда. Күн сайын шаар сыртына 26 машинада акыр-чикир чыгарылат. Жалалабат шаарынын 130 жылдыгына 130 курулуш бүтүрүү иштери башталды. Курортко кетчү жолго 2 миллион 200 миң сомдук көчө сыналгысын алып келүү чоң ишкер менен макулдашылды. (YA)