Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

ПРЕЗИДЕНТ ПУТИН МУРАСКОР ДАЙЫНДАБАЙТ


Нарын АЙЫП, Прага 1-февралда орус президенти Владимир Путин журналисттер менен кезектеги жыйын өткөрдү, ага ар башка байкоочулар ар түрдүү баа берүүдө. Жыйын үч жарым саатка уланды, ага бир миң эки жүздөн ашык журналист катышты, президент бардыгы болуп жетимишке жакын суроого жооп берди.

Айрым эксперттер билдиргенге караганда, мамлекет жетекчи журналисттер менен жолукканда, адатта азыркы турмуштун эң маанилүү, коомчулукту эң кызыктырган маселелер боюнча суроолорго жооп берет. Путин болсо мындай жолугушууларды бир жылда бир өткөргөндүктөн, анын андай маалымат жыйын деген мааниси өтө төмөн.

Маскөөдөгү Карнеги борборунун эксперти Маша Липман Путиндин жыйынын гала-концерт менен салыштырды: "Бул окуяны маалымат жыйыны деп анын чыныгы маанисинде атоо мүмкүн эмес, өткөрүлгөн ыкмасы боюнча аны мен мамлекет башчынын гала-презентациясы деп атайт элем", - дейт Маша Липман.

Орусиянын "Эхо Москвы" деген үналгысынын баш редактору Алексей Венедиктовдун пикиринде болсо, мындай жыйындар аркылуу Путин атайын коомдук пикир түзүп, жетекчилерге көрсөтмө берет: "Мындай маалымат жыйындары, менин оюмча, чындыгында көптөгөн орусиялык жетекчилер үчүн көрсөтмө берилген жыйындар", - дейт Венедиктов.

Жыйын үч жарым саатка уланды, ага бир миң эки жүздөн ашык журналист катышты, Путин бардыгы болуп жетимишке жакын суроого жооп берди, жыйындын биринчи жарымы орус сыналгысы аркылуу түз көрсөтүлдү. Баш сөзүндө Путин Орусиянын жетишкендиктери жөнүндө сүйлөп, жетекчилик жүргүзүп жаткан саясатты мактады.

Орусияда 2008-жылдын 2-мартында өтө турган президенттик шайлоого карата Путин эч кандай мураскор дайындабай турганын билдирди, анын айтымында, келерки президентти шайлоо аныктайт, бирок ал өз пикирин катардагы жаран катары билдирет.

Былтыр жылдын башында жана быйыл жыл башында Украина менен Беларуска Орусия газ жана мунай берүүнү токтотуп, өзүнүн эл аралык кадыр-баркын ылдый түшүргөнү жөнүндө да суроо болду жана президент - анын баары эркин экономика шарттарына өтүү менен гана байланыштуу, Батышта болсо Маскөөнүн аракеттери туура эмес кабыл алынууда деп айтты.

Октябрда Маскөөдө Анна Политковская жана ноябрда Лондондо Александр Литвиненконун өлтүрүлгөнү боюнча болсо Путин - кимдир бирөөнү күнөөлөгөн азырынча эрте болот деп билдирди. 7-октябрда Политковская атып өлтүрүлгөндөн кийин Путин аны - коомго эч таасири жок журналист болчу деп мүнөздөгөн, азыр болсо президент аны мактады жана журналисттерди бийлик коргош керек деп айтты:

"Биздин өлкө жана башка мамлекеттер үчүн дагы журналисттерди куугунтуктоо - өтө курч маселелердин бири. Биз өзүбүздүн жоопкерчилигибиздин деңгээлин түшүнөбүз. Журналисттерди коргоо үчүн биз бардык чараларды көрөбүз", - деди Путин.

Литвиненкону болсо Путин - орус жетекчилиги үчүн эч мааниге ээ болбогон адам болчу деп атады. Бирок, Орусиянын атайын аскерий күчтөрү өз машыгуулары учурунда бута катары Литвиненконун сүрөтүн колдонгону белгилүү.

Андан тышкары Путин Орусияда улутчулдук күчөп баратканы жетекчиликти дагы тынчсыздандырып жатканын жана адам укуктарын коргоо тармагында талаптуу чаралар көрүлөөрү жөнүндө да айтты.

XS
SM
MD
LG