Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮНӨ АДАМ БАЛАСЫ КҮНӨӨЛҮҮ


Жер бетиндеги жылуулук үстүбүздөгү кылымдын этегине барып төрт градуска жогорулашы мүмкүн жана анын арты дүйнөлүк алааматтарга айланышы ыктымал. Мунун баарына адам баласы өзү күнөөлүү, деп айтылат Улуттар Уюмунун эксперттери Парижде жарыялаган докладда.

Дүйнөлүк климаттын проблемалары боюнча конференция 29-январда Парижде ЮНЕСКОнун баш кеңсесинде ачылган эле. Беш жүздөй илимпоздордон турган эл аралык эксперттер жер бетинде жылуулук эмне себептен жогорулап баратат, анын масштабы жана арымы кандай, мунун салака-кесири келечекте эмнеге алып келиши мүмкүн өңдүү түйүндүү маселелерди кең-кесири талкуулап, корутунду докладын жарыялашты.

Климаттын өзгөрүшү боюнча Өкмөттөр аралык жумушчу топтун теңтөрагасы Сюзен Соломон маалым кылгандай, дүйнөлүк атмосферадагы көмүркычкыл газынын, метандын, азот окисинин составы 1750-жылдан бери кескин көбөйгөн, миңдеген жылдар илгерки муз катмарындагы өлчөмгө караганда алар эпсиз жогорулап кеткен.

Бул үчүн ким күнөөлүү экенинен эл аралык эксперттер таптакыр шектенбейт. “Бардык ушул газдар миң жылдар мурдагыдан эмне үчүн атмосферада мынчалык көп дегенге келгенде бул үчүн адам баласынын ишмердиги себепкер экенинде кенедей да күмөн жок”,- деп айтты Соломон.

Докладда климаттагы өзгөрүүлөрдүн 90 процентине адам баласынын ишмердиги себепкер экени көрсөтүлөт. Мындан беш жылдай илгери эле эксперттердин ушул тобу бул көрсөткүчтү 66 проценттен ары болуу керек деп болжолдогон эле.

Бул жолку докладда климаттын жылышы айныксыз аңытка түшкөнү,аны ооздуктоо үчүн таасирдүү чаралар көрүлбөсө мунун арты жакынкы он жылдыктарда эле Жер бетиндеги тиричиликтин кескин өзгөрүшүнө алып келери эскертилет.

Докладдагы тыянактарга таянсак, планетада температура үстүбүздөгү кылымдын этек ченине жакын 2 же 4 градуска жогорулашы ыктымал. Ал эми дүйнөлүк океандын деңгээли канчага көтөрүлүшү мүмкүн деген маселеде илимпоздор бир беткей тыянакка келише элек. Болгону эң эле болжолдуу эсептерде мухит суусу 18 сантиметрге жогорулашы ажеп эмес, ал эми жүз жылдыктын соңуна барып 58 сантиметрге чыгышы ыктымал.

Докладда климаттагы өзгөрүүлөрдү токтотуу же анын арымын басаңдатуу үчүн кандай чаралар көрүлүшү керектиги айтылган эмес. Бирок 1600 беттен турган бу документ Улуттар Уюмунун Өкмөттөр аралык комиссиясы жүргүзүп жаткан илимий изилдөө иштеринин биринчи гана бөлүгү болуп саналат. Уюмдун экологиялык программасынын жетекчиси Ахим Штайнер эксперттердин доклады коомчулукка жарыяланган соң климаттагы өзгөрүүлөргө ким шыкакчы болуп жатканы жөнүндөгү маселеде эми эч кандай күмөн-күдүк калбаганын айтып, бул документке бурулуш окуя катары кароо керектигин, практикалык жактан токтоосуз аракеттенүү зарылдыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG