Азим Исабеков өкмөттүн структурасына депутаттар берген сунуштар боюнча алымча-кошумчалар киргизилгенин билдирди. Анын айтымында, депутаттардын сунушу эске алынган акыркы долбоор боюнча Экономика жана соода министрлигин өзүнчө министр башкармай болду, үчүнчү вице-премьердин кызматы алынып салынды, өкмөт президиуму болбойт. Ошондой эле Коопсуздук кызматы комитет болуп түзүлөт. Бажы жана салык тармагын бириктирип комитет кылуу жөнүндө сунуштар болгон, бирок көпчүлүк депутаттар экөөнү кошууга каршы болуп жатышат.
Өткөн жумада өкмөт структурасы боюнча президент К. Бакиев сунуш кылган долбоор депутаттардын көптөгөн сын-дооматтарына кабылган. Депутаттар өкмөт структурасында министрликтердин, комитет менен агенттиктердин саны көбөйүп кеткенин белгилешип, атка минерлердин санын кыскартууну, чакан, натыйжалуу иштей турган структура түзүүнү талап кылышкан. Толгон-токой сунуш түшүп, талаш-тартыш кызыган. (KCh)