ВАШИНГТОН. АКШнын президенти Жорж Буш келерки финансылык жылдын бюджетинин долбоорун Конгресстин талкуусуна койду. Долбоордо АКШнын аскердик сарптоолорун 700 миллиард долларга көбөйтүү каралган.
-Биздин эң биринчи максатыбыз Американын элин коргоо. Бул иштин өтөлүнө чыгуу үчүн Америкалык аскерлер бардык нерсе менен камсыз болууга тийиш. Биз, албетте билим берүү жана саламаттыкты сактоо сыяктуу башка максаттарды да көздөйбүз ,- деди президент Буш. Өткөн ноябрда Конгресске өткөн шайлоодо жеңишке жетишип, Конгрессте көпчүлүк орунга ээ болуп калган демократтар бюджеттин долбоорун сынга алышты. Документтин талкуусу бир нече айга созулушу ыктымал.