Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:51

АКШ БОРБОРАЗИЯГА ЖАРДАМЫН АЗАЙТАТ


Эмдиги жылы Ооганстан менен Пакистан АКШдан эң көп финансылык көмөк алат,ал эми Борборазиядагы беш өлкөгө көрсөтүлө турган жардамдын көлөмү кыскартылат. АКШнын 2008-жылдагы бюджетинде ушундай пландар каралган. Бюджет долбоору жакында конгресстин кароосуна берилди.

2008-жылдагы бюджет долбоорунда Ооганстанга бир миллиард доллардан ашуун жардам көрсөтүү каралган. Анын дээрлик 700 миллиону кайра куруу программасындагы ар түрдүү максаттарга,анын ичинде жол, электр тармактарын өнүктүрүүгө, тейлөө чөйрөсүн кеңейтүүгө жумшалат. Апийим өндүрүшүн кыскартууга арналган көмөкпулдун көлөмү 18 процентке көбөйтүлгөн.

Пакистанга каралган жардамдын суммасы 785 миллион долларга барат. Мунун теңине жакыны аскери көмөктөшүү программасына ылайык ажыратылса, калганы экономика, билим берүү,саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү реформаларга, демократияны өнүктүрүүгө арналган.

Ал эми Борборазиядагы экс-советтик беш өлкөгө мурдагыдан 24 процентке аз жардам бөлүнөт. Мунун себебин мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү Өзбекстан өзү АКШнын көмөгүн кыскартуу үчүн активдүү иштегени, Казакстан болсо мунайдан алган арбын кирешеден улам Вашингтондун жардамына көп муктаж болбой баратканы менен түшүндүрүштү. Мунун ордуна АКШ администрациясы Кыргызстанга,Тажикстанга жана Түркмөнстанга көбүрөөк көңүл бургусу келет.

Бирок аталган үч өлкөгө каралган жардамдын көлөмү анча деле көп эмес. Тажикстанга алдыдагы финансы жылында 28 миллион доллар өлчөмүндө адие бөлүү сунуш кылынган, бул былтыркыдан төрт миллион долларга көп. Кыргызстанга берилчү жардамдын суммасы эки жыл мурдагыдан дээрлик беш миллион долларга азайтылган. Келерки жылы Кыргызстан 26,5 миллион доллар суммасында көмөк алат. Түркмөнстанга болсо мурдагыдай эле 5,8 миллион доллар өлчөмүндө жардам каралган. Бирок Ниязовдон кийинки жаңы өкмөт реформаларга олуттуу маани берсе,көмөкпулдун өлчөмү көбөйтүлүшү мүмкүн.

Бюджет долбоорундагы бул цифраларды комментариялап, Карнеги фондусунун Россия жана Евразия программасынын эксперти Марта Брилл Олкотт АКШнын өкмөтү регионго жарыбаган гана жардам жөнөтүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, АКШнын региондогу таасири төмөндөп баратат, бул процесс мындан ары да өөрчүй берет өңдөнөт.

Олкотт Борборазиядагы стабилдүүлүктү чыңдоого арналган АКШнын стратегиясы негизинен Ооганстан менен аныкталып жатканын чекилик деп эсептейт. “Жумуртканын баарын бир себетке салып жатабыз,ал эми бул себеттеги жагдай көп деле жакшы эмес”,-дейт ал.

XS
SM
MD
LG