Кечээ Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар провинциясында эки жерде болгон жардыруудан беш адам курман болду. Биринчисинде, жанкечти миналанган машинени полиция күзөтүнүн жанынан жардырып, натыйжада үч полиция кызматкери өлдү. Экинчи жардыруу америкалык фирмада болуп, эки ооган кароолчусу каза тапты. Ушул эле күнү Герат провинциясында минаны зыянсыздандырууда үч полиция кызматкери өлдү.