"Жаштардын этникалык маданияттуулугун өнүктүрүү" деген аталыштагы жыйын областтык борбордо өттү. Жыйынга облустагы окуу жайлардын, улуттук азчылыктардын жана жаштардын бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Алар этномаданияттуулукту өнүктүрүү үчүн түрдүү улуттардын мыкты сапаттарын бири-бирине жуурулуштуруу, улуттар арасындагы маданий салттарды жайылтуу, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын иш-чараларын жакшыртуу өңдүү сунуштарын айтышты. Жыйын "Сорос-Кыргызстан" кору колдогон долбоордун алкагында өттү.(YA)