Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын басма сөз катчысы Жеңиш Айдаровдун маалыматы боюнча облустук акимиат, транспорт жана байланыш министрлиги, үчүнчү тараптан жергиликтүү эл колдоого алып жаткан жолдун курулушуна 12 млн сомдон ашуун каражат керектелет. Мунун ичинен облустук администрация 1 млн сом, мамлекет башчынын фондунан 3 млн сом бөлүнгөн, жергиликтүү элден 1 млн 247 миң сом чогулган.
Өзбекстандын Сох анклавына кирбей, айланып өтүүчү жол аймактагы ишкердикти өнүктүрүүгө, эл аралык уюмдар менен кеңири иш алып барууга мүмкүнчүлүк түзөт дейт маалымат катчысы.
Өзбекстандын Сох анклавына кирбей, айланып өтүүчү жол аймактагы ишкердикти өнүктүрүүгө, эл аралык уюмдар менен кеңири иш алып барууга мүмкүнчүлүк түзөт дейт маалымат катчысы.