Мамлекеттик санитардык- эпидемиялык көзөмөлдөө департаментинен билдиришкендей, бул оорулар өзгөчө февраль айында күч алып, март айынын орто чендеринде гана ылдыйлай баштайт. Аталган мекеменин башкы директору Сабиржан Абдикаримовдун айтымында, тумоолоп калган учурда адаттагыдай антибиотик эмес, вируска каршы дармектерди ичүү зарыл.