“Кылым шамы ” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова “Азаттыкка” билдиргендей, ушундай мазмундагы кайрылууну “АнтиХИПИК” кыймылы эртең өкмөткө жиберет. Атуулдук коом байкоочу катары төрт адамды: укук коргоочулар Наталья Аблова, Азиза Абдарсулова, көз карандысыз экономист Чынара Сейдакматова жана жаштар кыймылынан Элегия Мусаеваны сунуш кылууда. Кыргызстандын ХИПИКке кирүү маселесин өкмөт келе жаткан жумада карайт.