Бул жөнүндө парламент жыйынында депутат Осмон Артыкбаев маселе көтөрдү. Анын айтымында, мектеп окуучулары телевизор, компьютер оюндарынан мыкаачылыкка үйрөнүп, аларга салттуу тарбиянын таасири начарлап, мектепте рекет күчөгөн көрүнүшкө айланды. Окуучулар топ-топ болуп мушташып, бири-бирин өлтүргөн окуялар көбөйдү. "Билим берүү, илим министрлиги менен өкмөт балдарды тарбиялоону бекем колго алып, келечекке көнүл буруш керек",- деди Осмон Артыкбаев. (KCh)