Катар мамлекетинин борбору Доха шаарында бүгүн АКШ менен Ислам мамлекеттери ортосундагы үч күндүк кезектеги бийик конференция башталат. Ага эки жүзгө жакын белгилүү саясатчы, окумуштуу, динаятчы катышаары күтүлүүдө. Жыл сайын өткөрүлүүчү саммитте бул жолу - АКШ менен ислам мамлекеттери ортосунда бузулуп бараткан мамилени оңдоо маселелери талкууланат.