Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:36

ФЕЛИКС КУЛОВГО ЖЕРДЕШТЕРИ КАНЧАЛЫК ИШЕНЕТ?


Жазгул Жамангулова Феликс Кулов премьер-министрлик кызматына өтпөй калып, оппозицияга кеткенден кийин аны Байтик айылындагы жердештери ар кандай кабыл алышууда. Кай бирлери Куловго тилектештик билдирүүдө, башкалары ага ишенбей турганын айтышууда.

Динара Сатыбалдиева: -Эки аял кол алышса, убадалашса аягына чыкмак. Бирок эки эркек (Бакиев, Кулов) сөзүнө тура албады. Бирин- бири алдамайга салды да акыры бөлүнүп тынышты да.

Токтобек, мугалим:

- Феликс Шаршенбаевичтин соңку билдирүүсү туура деп ойлойм. Ушул убакка чейин өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоодо Куловдун салымы чоң. Эгер 2006-жылдын ноябрь айында ал оппозицияга өткөн болсо эл бир топ эле кыйынчылыкта калмак. Эми эл тынчып калганда өзүн оппозицияга кошуп жатканына каршы эмесмин. Бирок Бакивдин Куловго болгон мамилеси көрүнүп калды. Ал ачыктан ачык эле аны өнөктөшү эмес, каршылашы катары кабыл албадыбы.

Өмүшов Каныбек: - Ал бийликте турган учурда эч нерсе жасай алган жок. Эл андан көп нерсени үмүттөнгөн. Премьер-министр болуп турган учурда биз далай жолу кайрылдык, «кел, эл менен жолугуп, алардын ишенимине кир» деп. Ал болсо Бакиевдин колтугунан чыкпай койду да. Бир да жолу келген жок. Эми келсе аны кандай кабыл алат ким билет. Эл өзү чечет да.

Атыркүл Бердалиева: - Эгер Ф.Куловду өкмөт башчысы эмес, өзүнүн кесибине жараша кызматка койсо мүмкүн үзүрлүү иштемек.

Мен Момбеков Мейман: - Азыр ал туурсында далай кеп айтылып жатат. Кыскасы анын азыр мурункудай кадыр баркы жок. Ишеничтен кетти го.

Анара Жекшенова: - Темирди дат басып калды. Ал түрмөдөн чыккандан кийин аябай өзгөрдү окшойт. Бийликте жүргөн учурда саясаттын оюндарына жеңилип калды.

Санторова Саадат: - Эл аны куру сөз менен жамандаса эле биз аны жаман экен деп четке кага албайбыз. Жаман болсо да биздин уулубуз. «Жаман деп, жакшысын эч ким бербейт».

XS
SM
MD
LG