Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 05:18

КҮЧТӨНГӨН ОППОЗИЦИЯ ЖАҢЫ РЕВОЛЮЦИЯГА ЧАКЫРЫП ЖАТАБЫ?


Чолпон Орозобекова , Бишкек Кыргызстанда аты жалпы журтка белгилүү бир катар саясатчылар “Кыргызстандын татыктуу келечеги үчүн бириккен фронт” аттуу кыймыл түзүштү. Ага кол койгондордун башында Феликс Кулов турат. Бирок бул фронтко оппозициялык күчтөрдүн башкы сабында турган “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөлөрү эки ача пикирде болуп чыгышты.

"Бириккен фронт" кыймылы өлкөдөгү конституциялык жана саясий реформалардын гаранты мөөнөтүнөн мурда шайланган президент гана боло алат деген саясий билдирүү менен чыгышты. Бул билдирүүнүн алдына Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев, Кубатбек Байболов, Мелис Эшимканов баш болгон саясатчылар кол коюшкан.

“Реформалар үчүн” кыймылынын штабында кечээ чогулуш болуп, бул жаңы түзүлгөн фронт менен кандай кызматташтык болоору талкууланды. Жыйын жабык эшик артында болуп, журналисттер киргизилген жок. Бирок жыйындан чыккандан кийин реформачылар бир сөзгө келе албагандыгы дайын болду. Жыйындан соң бул кыймылдын тең төрагасы Алмаз Атамбаевдин билдиргенине караганда, жалпы кыймыл фронтту колдобойт, бирок жеке саясатчылар кол коюп алардын катарында болууга укугу бар деген чечим кабыл алышты.

- Биздин кыймылдын мүчөлөрү бул фронтту колдойбуз десе өз эрки болсун деген чечим кабыл алдык,- дейт Алмаз Атамбаев.

Ал эми депутат Темирбек Сариевдин пикиринде, Феликс Кулов ошол системада өзү жүрүп да ага убагында ага каршы күрөшкүсү келген эмес, реформачылар коюп келген талаптардын бир өңүтүн гана сууруп чыгып атат деген пикирин айтты:

- Ноябрдагы митингде жана андан берки саясий окуяларда Кулов өз позициясын көрсөтө алган эмес. Бирок мурда ал сакташ үчүн күрөшүп келген системанын курмандыгы болгондон кийин анан ошол системага каршы чыгып атат. Биздин реформа кыймылынын максаты реформаларды аягына чыгаруу. Ал эми Кулов болсо ал талаптардын ичинен бир гана фрагментин сууруп, президенттик шайлоо өткөрүүнү максат кылып атат. Мен жеке өзүм муну колдобойм,- дейт Темирбек Сариев.

Жыйынга катышкан Азимбек Бекназаров бул бириккен фронт өтө радикал кадамдарга барууну көздөп тургандыгы үчүн колдобой жаткандыгын билдирди. Анын пикиринде, мындай чукул кадамдар кан төгүүгө жана элдин бөлүнүп - жарынуусуна алып келет.

Ошентип, “Реформа үчүн” кыймылы бул маселеге келгенде экиге бөлүнүп турат. Булардын арасынан Феликс Кулов тарапка Кабай Карабеков, Мелис Эшимканов жана Өмүрбек Текебаев ооду. Ошондой эле бул фронттун билдирүүсүнө кол койгон дагы бир реформачы Кубатбек Байболов болсо мөөнөтсүз шайлоону талап кылуу өңдүү радикал кыймылдар максат эмес деп билдирди:

- Мен жана менин өнөктөштөрүм радикал кадамдарга барбайбыз. Шайлоо өз убагында болсун деген турумду карманабыз. Ал эми жанагындай билдирүүлөр бул деген саясий эмоционалдык документ да. Бул деген ойлонбойсуңурабы, саясатыңарды өзгөртпөйсүңөрбү деген ишарат да,- дейт Кубатбек Байболов.

XS
SM
MD
LG