Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:15

ЭМИЛ АЛИЕВ: «БИЗ КОРРУПЦИЯЛАНГАН БИЙЛИККЕ КАРШЫ ЧЫКТЫК»


19-февралда оппозициялык саясатчылардын “Кыргызстандын татыктуу келечеги үчүн” бириккен фронту деп аталган жаңы кыймылы өзүнүн уюшулганын жарыя кылды. Анын башында мурдагы премьер-министр Ф. Кулов, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Кыргызстан демократиялык биримдиги» партиясынын лидери Кубатбек Байболов бар. «Ар-Намыс» партиясынын лидерлеринин бири Эмил Алиевдин айтымында, бул бирикмеге кошулган саясатчылардын саны биринчи эле күнү элүүдөн ашты. Жаңы кыймылга кошулууну, тилектештик билдирүүнү каалагандар үчүн үч жерде кол топтоо үрүп жатат.

- Бүгүнкү күнгө карата “Кыргызстандын татыктуу келечеги үчүн” бириккен фронту аталган жаңы бирикмеге кошулган саясатчылардын, саясий партиялардын саны канча болуп калды?

- Кечээ күнү кечинде элүүдөн ашык киши болгон. Үч жерден баракчаларды койдук, элдер кошулуп атат. “Агым” гезитинин редакциясында, биздин штабда жана фонддун өзүнүн штабында кол топтоо болуп атат.

- Жаңы бирикме жөнүндөгү жаңылыкка Акүйдөн реакция боло элекпи?

- Реакция боло элек. Себеби, алар биринчи эмне кылаарын билбей, анан жамандап баштайт. Биз өзүбүз көрүп турабыз, Феликс Кулов билдирүү жасаганда биринчи күнү кандай кылганын, азыр КТР кандай сүйлөп аткандарын.

- Сиздердин пикирде “Кыргызстандын татыктуу келечеги үчүн” деп аталган жаңы бирикменин түзүлүшүнө түрткү берген себептер мурдагы премьер-министр Ф.Куловдун бийликтен четтетилишине байланыштуубу же мындан да тереңирээкпи?

- Жок. Эч убакта Ф.Куловдун кызматтан кеткенине байланыштуу эмес. Азыр саясий кырдаал болуп атат. 2005-жылдын март айындагы окуялар бул системаны өзгөртөбүз деген саясий партиялардын, бирикмелердин демилгеси боюнча болгон. Бийликтегилер жасайбыз деп коюп, ошондон бери системалык өзгөртүүлөр болгон жок. Ошону менен 2006-жылдын ноябрь айындагы окуяларга алып келди. Ошондо Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынып, бираз биз каалагандай болду эле, бирок тилекке каршы бир айдан кийин эле кайра алмаштырып жиберди, бүт бийликти мурунку эле системага алып келди.

Биз азыр эле көзүбүз жетип, көрүп турабыз, коррупцияга кандай малынганын, мурункудан дагы катуу кетип калгандыгын. Ошон үчүн биз ошого каршы чыгып, бул системаны өзгөртүш керек деп ушул фондду уюштуруп атабыз.

- Демек, жаңы бирикме бүгүнкү күнгө карата ишти баштады деп айтсак болобу? Алдыда эмне иш чараларды белгилеп жатасыздар, кайрадан митингдер уюштурулабы?

- Биринчи билдирүүнү жасадык. Коомчулукта ушундай ой бар, ошону элге жеткирели дейбиз. Элдин көпчүлүгү деле ошону талап кылып атат. Ошондон кийин кандай иштерди жасарыбызды белгилеп койгонбуз. Биринчиден, Конституциялык реформа болуш керек, системаны өзгөртүш керек, бир кишиге бүт бийликтин баарын бербеш керек. Экинчиден, бул системаны азыркы бийликте турган жетекчилер алып баралбайт. Билдирүүнүн өзүндө азыркы президенттин бул системаны өзгөрткөнгө аракети жок деп жазылып турат.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG